• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эдил Байсалов КММА борборунун имаратына капсула коюу салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди баалоо борборунун жаңы корпусуна капсула коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары медициналык жогорку окуу жайынын атамекендик саламаттык сактоо тутумун түптөөдөгү тарыхый маанисин белгиледи жана министрлер кабинетинин атынан академиянын профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин жаңы имараттын курулуп башталышы менен куттуктады.

«Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет. Негизги милдет – коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө умтулуубуз керек. Буга чейин объективдүү себептерден улам кемчиликтер болгондугун моюнга алуу керек. Бирок учурда президентибиздин чечкиндүүлүгүнүн жана мамлекеттик деңгээлдеги кадамынын аркасында жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулашын эске алуу менен саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө каражаттарды багыттоо артыкчылыктуу милдет болуп саналат», - деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунда жаш адистердин айлык акысын жогорулатуу жаатында тийиштүү шарттар түзүлүшү тийиш.

«Бул университетте дүйнөлүк илимдин мыктылары иштеген. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында иштеп жаткан академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери жалпыга маалым. Учурда жаш дарыгерлерди өлкөдө иштеп калуусун камсыздоо милдети турат», - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий