• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эдил Байсалов “Колдон колго” ресурстук борборуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы “Колдон колго” коомдук бирикмесинин ресурстук борборуна барды.

Эдил Байсалов борбордун адистеринин иши менен таанышып, аутизм спектри бузулган балдардын ата-энелери менен баарлашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө аутизм менен ооруган балдардын ата-энелери туш болгон кыйынчылыктар, тактап айтканда, так диагноз алуу, аймактарда адистештирилген жардамдын жоктугу, баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) көрсөтүүчү дарыгерлердин арасында аутизм боюнча маалыматынын жетишсиздиги, психиатрлардын жетишсиздиги айтылды.

Минкаб Төрагасынын орун басары ийгиликтүү абилитация процесси үчүн аутизмди эрте аныктоо процедураларын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен оорулуу балдарды караган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жыл сайын 2-апрелде белгиленүүчү аутизм жөнүндө маалымдоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий