• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эдил Байсалов Кыргызпатенттин маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов Кыргызпатенттин басылмаларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, анын жамааты менен жолугушту.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева аткарылган иштер боюнча отчет берип, агенттиктин ишмердүүлүгү жана анын жетишкендиктери боюнча бетачар сунуштады.

Анын маалыматы боюнча, 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоого багытталган “40 район – 40 демилге” долбоору иштелип чыккан.

Эдил Байсалов жамаатка кайрылып, мамлекеттин арттыкчылыктуу милдеттерин белгилеп, Кыргызпатент инновациялык орган катары жалпы министрлер кабинетинин акыл калчоо борбору катары өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган иштерди алып баруусу керектигин билдирди.

«Агенттик тарабынан иштелип чыккан жогорку потенциал алдыңкы багыттарга жана долбоорлорго багытталышы зарыл, Министрлер Кабинети сиздерден жаңы демилгелерди күтөт», - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий