• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эдил Байсалов Лондондо жумушчу сапар менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Лондон шаарындагы “Mines and Money” дүйнөлүк тоо-кен көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу). Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки күнгө созулуучу “Mines and Money” ар жылы өтүүчү дүйнөлүк көргөзмөсү пикир алышуу, окутуу жана бизнес жүргүзүү иретинде инвесторлорду жана тоо-кен корпорацияларын чогултат. Иш-чара тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана ага инвестиция тартууга дем берүү, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоо үчүн аянтча катары саналат.

Эдил Байсалов анын Бириккен Королдуктагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу бир катар протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн Лондон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө ал мамлекеттик органдар жана эл аралык компаниялар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында ал Кэмбридж университетинде мурда пландаштырган лекциясын өткөрөт.

Мындан тышкары, Лондон шаарында КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова өз алдынча жолугушуулар программасы менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий