• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Байсалов: Демократия - бул элдик бийликтин мамлекетте конституциялык тартипти коргоо жана бакубат жашоону камсыз кылуу милдети

Коом 0


Бишкек, 23.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасынан кайрылуу жасады.

Анын айтымында, демократия – бул таза, ачык-айкын шайлоодо ээн-эркин катышып, бир лидерди шайлоо.

“Мен жаш кезимде күткөн, эңсеген жана талап кылган система азыр ишке ашып, орноп жатат. Кээ бир менин эски кесиптештерим мурункудай эле бийликтин бир чечимдерин жактырбай, каршы чыгып жатышат. Каршы чыгып эле койсо мейли, бурмалап, туура эмес маалыматтарды таратып, “жок, сен эртең жооп бересиң, барып туруп эле басып алабыз” дегени демократияга каршы келет", - деди ал.

Байсалов эл шайлаган жетекчи Конституцияга ылайык чечимдерди кабыл алууга укуктуу экенин белгилейт.

“Башаламандыктарга чакыргандарды ээрчибегиле жана аларга ишенбегиле”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги массалык башаламандыкка даярдануу фактысы боюнча кармоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий