• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Министрлер кбинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө коомчулук алдында турган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.

Жыйындын катышуучулары аялдар укугун мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү маселелерин чечүү жолдорун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий