• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Сапардын жүрүшүндө ал Нарын облустук китепканасынын иши менен таанышып, мекеме кызматкерлери менен эмгек акыны төлөө шарттары маселесин талкуулады.

Ошондой эле Эдил Байсалов Нарын облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, бүгүн Ат-Башы райондук аймактык ооруканасына баруусу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий