• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эдил Байсалов Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын иши менен таанышты.

Ош шаардык ммэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында сезондук сасык тумоо жана жугуштуу оорулар күчөгөн мезгилде бейтаптарга өзгөчө көңүл бурууну белгиледи. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, кайрылган жарандардын арасында кезек күтүүнүн алдын алууга өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.

Байсалов акыркы учурда сезондук вирустук оорулар менен бейтапканага кайрылгандар көбөйүп жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий