• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов Оштогу бир катар социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов С.Бекмуратов атындагы №1 Ош шаардык балдар музыкалык мектебинде окутуучу курам менен пикир алышып, мекемедеги актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары эмгек шарты жана айлык акы маселесин көтөрдү.

Андан соң Байсалов Ош шаардык балдар жугуштуу ооруканасына барып, учурда кызыл зона катары пайдаланылып жаткан тез тургузулуучу конструкциялардан курулган 100 орунга эсептелген жаңы корпусту көрдү.

Мекеменини кызматкерлери лабораториялар, рентген-кабинеттер, администрация, кир жуучу жай жана тамак-аш блогу үчүн имарат зарыл экендигин билдиришти. Эдил Байсалов альтернатива иретинде бош аянтта беш кабаттуу имарат курууну сунуштады.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы кеңсесинин эмгек жамааты менен жолугушуп, анда компаниянын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат деп билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, ар бир мекемеде алга умтулуу багыты болушу зарыл жана укуктук жөнгө салуу жаатындагы реформалар, ЖМК ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң сөз эркиндигинин макамы тууралуу айтып берди.

“Сөз эркиндиги болушу керек, ошол эле учурда ар бир адам өз иш-аракети жана анын кесепети үчүн жоопкерчилик алуусу үчүн тартип жана жоопкерчилик болушу шарт. Бул өзгөчө журналисттердин ишине тийиштүү”, - деди Эдил Байсалов.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий