• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эдил Байсалов Оштогу МГУнун филиалынын жаңы окуу корпусу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-февралда ОшМУга иш сапары менен келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен биргеликте окуу жайдагы Москва мамлекеттик университетинин филалынын жаңы окуу корпусу менен таанышты.

Сапардын алкагында университеттин индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги алдыңкы тажрыйба борборунун билим берүүдөгү тажрыйбалары тууралуу маалымат алды. ОшМУнун медициналык клиникасынын иш тажрыйбасы менен жеринен таанышты.

Жалпысынан ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш аракеттери, академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтарды алды.

Пикир

Оставить комментарий