• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эдил Байсалов пенсиялык тутумду реформалоо боюнча тегерек столго катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов өз сөзүндө белгилегендей, бүгүнкү күндө анын бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктарды жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында пенсиялык тутумду реформалоо зарыл.

«Пенсиялык тутум белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болууда. Иштеп жаткан жарандарыбыздын баарынан пенсияга каражат чегериле бербейт. Айрым жарандар айыл чарба, соода тармагында иштеп, же эмгек миграциясында жүрүшөт. Жакынкы жылдары пенсия тутуму олуттуу кризиске дуушар болушу мүмкүн. Республиканын жетекчилиги учурда аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө пенсиялык төгүмдөрдү негизинен бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана жеке уюмдардын кызматкерлеринин бир бөлүгү жүргүзөт.

«Биз бул маселеге объективдүү баа беришибиз керек. Министрлер кабинети сунуштар жана талкуулар үчүн ачык. Акыйкат пенсиялык тутумду кантип түзө аларыбызды чогуу чечүүбүз үчүн өз сунуштарыңызды бериңиздер», - деди Эдил Байсалов.

Андан соң Кыргыз Республикасынын пенсиялык тутумун реформалоо боюнча бетачар сунушталды. Анда азыркы пенсиялык тутумдун негизги көйгөйлөрү айтылып, аны реформалоо, анын ичинде системанын топтолмо компоненти боюнча конкреттүү кадамдар сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий