• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эдил Байсалов Жумгал - Ак-Талаа унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жумушчу жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жумгал районундагы Жумгал - Ак-Талаа унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолду карап чыгууда аныкталгандай, жаан-чачындан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп калган, ошондой эле кесипкөй адистердин жана жумушчулардын жетишсиздиги орун алган.

Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, бул максатта Нарын облусунун башка райондорунан да жумушчу күчтү тартууну тапшырды.

«Жакынкы аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети тийиштүү маселелерди чечүүгө максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,- деп белгиледи Эдил Байсалов.

Белгилесек, жумушчу сапардын жүрүшүндө Эдил Байсалов ошондой эле Социалдык фонддун райондук башкармалыктарынын иши, бир катар социалдык объектилердин, анын ичинде Жумгал районундагы авариялык абалда турган драма театрынын абалы менен таанышат.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары дыйкан жана фермердик чарба өкүлдөрү, жеке ишкерлер менен пенсиялык каражаттарды эсептөө маселелери боюнча жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий