• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан ЕЭК менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “ Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрында кабыл алынган.

Бул Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан экономиканын өнөр жай тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн ачык-айкындыгы менен алдын ала белгилүүлүктү жогорулатууну камсыздоо, ошондой эле мүчө мамлекеттер өнөр жай товарларына өзгөчө субсидияларды берүү тармагынын мүчө мамлекеттер ишке ашырган субсидияларды баалоого тиешелүү бөлүгүндө транспаранттык жана ачык чөйрө түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Макулдашуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Евразиялык экономикалык комиссия менен (мындан ары – Комиссия) өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу тартиби жана Комиссия тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;

- Комиссия тарабынан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби (анын ичинде өзгөчө субсидияларды берүү, пайдалануу шарттарынын, тартибинин бузулушу боюнча да);

- Комиссия тарабынан өзгөчө субсидиялардын мүмкүн же мүмкүн эместиги боюнча чечим чыгарууга негиз боло турган критерийлер (анын ичинде мүчө мамлекеттер ортосунда калыптанган жана кооперациялык жаңы байланыштарды өнүктүрүүнү эске алуу менен).

Макулдашууга ылайык, мүчө мамлекеттер мөөнөтү, көлөмү, берилүү шарты Комиссия тарабынан макулдашылган субсидияларга компенсациялык чараларды колдонушпайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий