• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕЭК ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эксперттерин глобалдык изилдөөгө катышууга чакырат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиясы (ЕЭК) БУУнун аймактык комиссиясы демилгелеген соода процедураларын жөнөкөйлөтүү чараларын ишке ашыруу боюнча сурамжылоого катышууга чакырат. Бул тууралуу ЕЭК басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи глобалдык изилдөө дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө соода процедураларын жана “кагазсыз” соода процедураларын жөнөкөйлөтүү чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтарды топтоо үчүн өткөрүлөт.

Изилдөө эки облусту камтыйт. Биринчиде, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча Келишиминде саналган соода процедураларын жөнөкөйлөтүү каражаттары каралат. Экинчиде, чек аралык “кагазсыз” сооданы ишке ашырууга багытталган инновациялык технологияларды киргизүү камтылган.

Изилдөөнүн жыйынтыктары 2017-жылдын июлунда бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болот. Алар соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, “кагазсыз” чек аралык соодага өтүү чараларын ишке ашырууну, сооданын бул түрүн өнүктүрүү боюнча жаңы аймактык жана глобалдык демилгелерди иштеп чыгууну түшүнүүгө, баалоого шарт түзөт.

Катышуу үчүн https://www.surveymonkey.com/r/UNRCs_Global_Survey_2017_Russian шилтемеси боюнча өтүңүздөр

Маалыматтарды топтоо 2017-жылдын 31-мартына чейин жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий