• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕЭК кеңеши бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн кезектеги жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңештин жыйынынын күн тартибинде 19 маселе каралды.

ЕЭК Кеңеши Кыргыз Республикасы үчүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин чийки камыш канттын импорту үчүн 50 миң тонна өлчөмүндөгү импорттук бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алды. Ошону менен бирге жарым жылдын жыйынтыгы менен Биримдиктин ак кант менен камсыздалышын талдалып, бажы алымдарынын ставкаларын кайра карап чыгуу пландаштырылууда.

Кеңештин жыйынынын алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банктык кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору каралды жана Макулдашууга кол коюуда зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүү үчүн бекитүү жана жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Макулдашуу башка мүчө-мамлекеттин буйрутмачысы тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын максаттары үчүн потенциалдуу берүүчүнүн мүчө-мамлекеттин аймагында катталган банктар тарабынан берилген банктык кепилдиктерди өз ара таанууну камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин өнөр жай жана өндүрүш тармактарында биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүүгө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактырды.

Биргелешкен кооперациялык долбоорлорду финансылык колдоо механизмин ишке ашыруу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ишканаларынын ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшөт жана өз ара жеке жана мамлекеттик инвестициялардын өсүшүнө түрткү берет.

Бажы бирлигинин “Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди, алар долбоорлоочуга (иштеп чыгуучуга) темир жол кыймылдуу составынын долбоордук документтеринде темир жол кыймылдуу составынын ресурстары белгиленген эксплуатациялоо мөөнөтүн жана (же) белгиленген мөөнөттү белгилөөнү караштыруу.

Мындан тышкары, кеңештин мүчөлөрү жеке жактар үчүн 1000 евро өлчөмүндөгү товарларды алымсыз ташып келүү босогосун 2023-жылдын 1-октябрына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул чек убактылуу негизде үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин белгиленген. Бул чаранын узартылышы санкциялык кысымга туш болгон жарандарды колдоого жана эң керектүү товарлардын жана маанилүү импорттун жетишсиздигин жоюуга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий