• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңештин жыйналышында 27 маселе каралды.

ЕЭК Кеңеши 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактырды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегинин II бөлүгүнө өзгөртүү киргизди.

Бул өзгөртүүлөр жеке көмөкчү чарбалар үчүн өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан продукцияга (товарларга) бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга ылайык каттоону жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле Бажы биримдиги комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы No 318 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Бул чечим өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдарга карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө транспорттук (ташуу) документтерди, фитосанитардык сертификатты жана белгилерди (уруксат берүүчү, тыюу салуучу) электрондук түрдө колдонууга мүмкүндүк берет.

Андан соң ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясын тездетилген контейнердик темир жол аркылуу ташуу боюнча «Евразиялык агроэкспресс» биргелешкен долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды.

ЕЭК Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө баяндама каралды.

Мындан тышкары, тараптар Евразия экономикалык биримдигинин күнүн жыл сайын 29-майда өткөрүү чечимин жактырышты.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле жиптердин айрым түрлөрү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары белгиленди.

Ошондой эле “Кооптуу продуктулар жөнүндө маалымат берүү тутумун түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу” пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жана жалпы процессти ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы каралды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын алкагында интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүдө COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгелүү сунушу каралды.

Жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде өз ара таанылган документтердин тизмесин даярдоо тапшырылды.

Кеңешме жыйынтыгында 2022-жылдын 24-25-февралында Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби бекитилди.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий