• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕЭК Коллегиясы автомобилдин жыйналган жери тууралуу маалымат алууну жөнөкөйлөштүрдү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы автомобилдин жыйналган жери тууралуу маалымат алууну жөнөкөйлөштүрдү. Эми ар бир автосүйүүчү же көзөмөл органынын кызматкери транспорт каражатына электрондук паспорттун катталышынан улам тез арада электрондук түрдө машина кайсы заводдон жыйналганын биле алат.

Мындай өзгөртүү Евразия экономикалык биримдигинин ( ЕАЭБ) Электрондук автопаспорттор системасын функционалдаштыруу Тартибине киргизилди. Электрондук автопаспорттор системасын функционалдаштыруу Тартибинин мурдагы рекдакциясында транспорт каражатынын акыркы жыйналган заводунун идентификациясы көрсөтүлбөй келген.

ЕАЭБнын ири автоөндүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүнүн автозаводдору ар башка өлкөлөрдө жайгашгандыгын айтып жогорудагы кабыл алынган өзгөртүү Казакстан тарабынан сунушталды. Ал эми керектөөчү үчүн машина кайдан жыйналганы – Казакстанданбы, Россияданбы, же Германияданбы, Кытайданбы айырмасы жок.

Мындан тышкары, Электрондук автопаспорттор системасын функционалдаштыруу Тартибине өндүрүүчү-уюмдун бирдиктүү реестрин киргизүү машина жыйноо заводуна электрондук автопаспортту түздөн-түз каттоого шарт түзөт. Бул процедураны жөнөкөйлөштүрөт жана тездетет, демек, ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртат.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий