• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян «Даңк» медалы менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда президент өткөн 2019-жыл Евразиялык экономикалык Биримдик жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгы жана евразиялык интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи.

Ал, бүгүнкү күндө ЕАЭБ жаш жана тез өнүгүп келаткан интеграциялык уюмдардын бири болуп, ага мүчө-мамлекеттердин көптөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатканы байкалганын айтты.

Президент Тигран Саркисяндын ЕЭКтеги төрагалык кылган мезгилинде Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо Макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

ЕАК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ал иштеген убакыт ичинде көрсөткөн колдоосу үчүн КР президентине ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйлады.

Эске салсак, ЕЭК Коллегиясынын азыркы төрагасы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 1-февралында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий