• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕЭКке 10 жыл. Чолпон-Атада маркаларды жокко чыгаруу аземи өттү

ЕАЭБ 0

Чолпон-Ата, 26.08.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын 10 жылдыгына арналган маркаларды жокко чыгаруу аземи өттү.

Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрунүн өкмөт башчылары катышты.

Эскерте кетсек, Евразия экономикалык комиссиясы – Евразия экономикалык биримдигинин дайыма аракеттеги жөнгө салуучу органы. Орган 2012-жылы 2-февралда ишемердүүлүгүн баштаган.

Евразия экономикалык комиссиясынын негизги максаты - ЕАЭБдин иштеши жана өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу, интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Азыркы учурда ЕЭКтин курамында беш өлкө кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. ЕЭК улуттар аралык башкаруу органынын статусуна ээ жана өз ишинде кандайдыр бир улуттук өкмөттөрдүн кызыкчылыктары менен өз чечимдерин шыктандыруусуз, бүтүндөй евразиялык экономикалык интеграция долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жетекчиликке алат. Комиссиянын чечимдери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий