• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕЭКте кыргыз экспорттоочулары үчүн бажы процедурасын жөнөкөйлөтүү талкууланды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров менен жолугушту.

Ассоциациянын маалыматы боюнча, жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында айыл чарба продукцияларын экспорттоодо бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү маселеси, атап айтканда, мамлекеттердин чек араларында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө талаптарды белгилөө жана чек араны текшерүү процессин уюштуруу көйгөйлөрү талкууланды.

"Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюу маселеси каралды. ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров бул тоскоолдуктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүүгө жана көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоодо бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин талкуулоого даяр экендигин билдирди", - деп кошумчалады ассоциациядан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара аракеттенүүгө макулдашты. Ассоциациянын башчысы жолугушууда ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча бир катар чараларды талкуулоого мумкүндүк болгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий