• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕЭКтин департаменттериндеги бош орундарга сынак жарыяланды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин квалификациялык тандоо жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 «Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги жооптуу кызматтардын бош орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин ички квалификациялык тандоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык кабыл алынды.

Тиркеме

Пикир

Оставить комментарий