• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕЭКтин эксперттери Кыргызстандын өткөрүү пунктарына мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. 14 -18-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын 7 өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын талаптарына шайкеш келүүсүнө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана Комиссиянын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев жетектеген ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда Бирликтин бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жактан жабдууга мониторинг жүргүзүштү.

Ошентип, "Эркечтам", "Достук", "Кызыл-Кия" унаа өткөрүү пункттарында жана "Кара-Суу", "Жалал-Абад", "Шамалды-Сай", "Кызыл-Кыя" темир жол өткөрүү пункттарында зарыл болгон жабдуулардын, техникалык каражаттардын жана бажы көзөмөлдөө системаларынын болушуна мониторинг жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында жогоруда аталган өткөрүү пункттарындагы бажы инфраструктурасынын элементтерин иретке келтирүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча иштер толугу менен аяктаганы белгиленди. Жабдуулар жана башкаруу системалары орнотулуп, иштеп жатат.

Жыйынтыгында ЕЭК эксперттери бажы көзөмөлүнүн техникалык каражаттарын эксплуатациялоонун негиздери боюнча окуудан өткөн жана зарыл билимге жана компетенттүүлүккө ээ болгон Кыргызстандын бажы кызматынын кызматкерлеринин даярдыгын жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий