• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эфиопиядагы кырсыктан соң бир катар өлкөлөр Boeing 737 учактарын каттамдан убактылуу алды

Дүйнө 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Эфиопиядагы Boeing 737 MAX үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы кыйрагандан кийин бир катар өлкөлөр бул үлгүдөгү лайнерди каттамдан убактылуу алып салышты.

Мындай чечимдин негизги себептеринин бири – лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроолордун келип чыгуусу болгон.

«Ethiopian Airlines» авиакомпаниясына таандык учак 10-мартта эртең менен Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын четинде кулаган.

Boeing 737 Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бет алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка кабылган.

Кырсыктан учак бортундагы 157 жүргүнчүнүн баары каза болгон. Каза тапкандар арасында 35 өлкөнүн жараны бар экени белгилүү болду.

Кырсыктан кийин Эфиопиянын бийлиги аталган үлгүдөгү учакты каттамдан убактылуу алып салган. Кырсыктан кийин бир катар өлкөлөр – Сингапур, Кытай, Австралия, Малайзия, Оман, Индонезия, Казакстан да ушундай кадамга барган.

Авиакырсыктын себептери айтыла элек. Учактын «кара кутусу» табылганы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий