• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер" аттуу семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-майында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар Башкармалыгы тарабынан “Евразиялык жаштар мектеби” программасынын алкагында уюштурулган "Эгемендүүлүгүнүн 30- жылдыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер" аттуу темада онлайн семинар болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн-семинарга Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах Эрен, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпарслан Жейлан жана “Евразия жаштар мектебинин” Кыргызстандык, Казакстандык жана Өзбекстандык студенттери катышышты.

Башчы Абдуллах Эрен өз сөзүндө башкармалык тарабынан ишке ашырылган долбоорлор, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө, ошондой эле “Türkiye Bursları” мамлекеттик стипендиялык программанын алкагында билим алган Кыргызстандык студенттер тууралуу статистика менен бөлүшүп, “Евразиялык жаштар мектеби” тууралу айтып берди. Муну менен бирге, адам өлүмүнө себеп болгон кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев эгемендүүлүк жылдарында эки тараптуу мамилелердин калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө айтып, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты баса белгиледи. Ошол эле учурда бир тууган кыргыз жана түрк элдеринин тарыхынын, тилинин, маданиятынын жана дининин жалпылыгына көңүл буруп, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү мисалдарын айтып берди.

Элчи Ахмет Садык Доган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар Башкармалыгынын эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү салымын белгиледи.

Ректор Алпарслан Жейлан “Эгемендүүлүгүнүн 30- жылдыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер” аттуу темада доклад жасады.

Семинардын аягында каалаган студенттер кызыктырган суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий