• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгемендүүлүк алгандан бери 60 минден ашык кыргыз өз мекенине кайткан

Өкмөт 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайрылмандардын тарыхый мекенине тезирээк ынгайлашуусу үчүн болгон күчүн жумшайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери 60 минден ашык кыргыздар өз мекенине кайрылып келген болсо, алардын 45 миңден ашыгы кыргыз жарандыгын алышты», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаңы келген кезде кайрылмандар өлкөсүнө көнүп кетүү, турак жай, социалдык жана медициналык жардамдар аны менен бирге жумушка орношуу сыяктуу мамлекеттик колдоолорго муктаж болушарын баса белгиледи.

«Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы өз өлкөсүнө кайрылып келген этникалык кыргыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн бардык күч аракетин жумшайт. Мамлекет тарабынан кайрылмандардын тарыхый мекенине көнүп кетиши үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Дал ушул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2022-жылдарга өз мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү максатында «Кайрылман» Программасы кабыл алынган», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине кайрылмандар менен тыгыз байланышып, аларга укуктук жактан колдоо көрсөтүп, көнүп кетүү учурунда келип чыккан маселелерин чечүүгө жардам берүү керектигине басым жасады.

Этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле алар тарыхый мекенине көнүп кетүүгө кызыкдар экенин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий