• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүк күнүнө даярдык: Борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктарга байланыштуу айрым борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, 28-30-август күндөрү эрте мененки саат 09:00дөн 11:00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ал эми, 31-августта саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

- Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

- Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;

- Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү. Абдымомунов көчөсүнүн ошол эле бөлүгү жабык болот.

Пикир

Оставить комментарий