• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүк күнүнө карата арналган иш-чара саат 9:00дө башталат

Коом 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата арналган иш-чара «Ала-Тоо» аянтында саат 9:00дө башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, иш-чара учурдагы эпидкырдаалды эске алуу менен онлайн форматта өтүп, ага КР президенти катышат.

«Көрүүчүлөр чакырылбайт. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган жок. Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт», - деп билдиришти министрликтен.

Иш-чара саат 09:00дө башталып, 10:00дө аяктайт. Ал эми кечки саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат.

Пикир

Оставить комментарий