• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнүнө карата окуучулар арасында “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу онлайн акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш-чаралардын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата окуучулар арасында “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу республикалык онлайн акциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Акциянын максаты - балдарды өз мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга жана патриоттуулукка тарбиялоо, Кыргызстандын тарыхын, илимин, маданиятын, салт-санаасын, жаратылышын билүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жөндөмүн, креативдүүлүгүн, социалдык, маалыматтык, илимий-изилдөөчүлүк, маданий-эстетикалык компетенцияларын өнүктүрүү.

Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин Кыргызстандагы мектептердин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

Акциянын алкагында төмөндөгү багыттар боюнча сынактар уюштурулат:

  • «Жүрөгүмдө Кыргызстан» республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы;
  • «Эмне? Кайда? Качан?» оюну. Аралыктан өтөт;
  • Компьютердик плакаттардын «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык сынагы;
  • Видеороликтердин «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык онлайн-сынагы;
  • «Кыргызстандын келечеги балдарда!» бий марафону.

Сынактын жобосу жана шарттарын бул шилтемеден жүктөп алсаңыз болот.

Маалымат үчүн байланыш телефондору: (312) 38 32 60, (312) 3I-58-47, 3I-58-74

Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарылат, жеңүүчүлөр министрликтин I, II, III даражадагы дипломдору менен сыйланышат жана министрликтин расмий сайтына чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий