• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнү «Нарын облусунун Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында бир катар жарандарга «Нарын облусунун Ардактуу атуулу» наамы жана «Ардак грамота» тапшырылды.

Салтанатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ачып, сыйлык ээлерин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ардактуу наам майрам күнү тапшырылып жаткан себебине токтолуп, айыл чарба, туризм, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, маданият, аскер жана башка тармактарда үзүрлүү эмгектенүү менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга ыйгарылып жатканын белгилеп өттү.

«Көпчүлүгүңүздөр Союз мезгилинен тарта эгемендүүлүктү алган жылдан бери талбай эмгектенип келдиңиздер. Сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Басып өткөн жолуңуздар кийинки муундарга таалим-тарбия катары калышы керек. Облустун эң жогорку сыйлыгы болгон наамды жылына бир жолу, Эгемендүүлүк күнүндө, тапшыруу чечимин кабыл алганбыз. Комиссия татыктууларды тандады деген ишеничтебиз»,-деп облус башчы каалоо-тилектерин айткан соң сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий