• 84.79
  • 96.23
  • 1.13

Эгемендүүлүк күнүндө борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, эртең мененки саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана кечки саат 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

- Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

- Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;

- Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү;

- Абдымомунов көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү.

“Майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту карашат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий