• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эгемендүүлүк майрамына карата Жалал-Абадда салтанаттуу парад өттү

Аймак 0

Бишкк, 31.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата аскердик жана жарандык парад өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, парадда Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан күч түзүмдөрүнөн турган Жалал-Абад ОИИБдин, Илбирс бригадасынын, 704 Аскер бөлүгүнүн, Шумкар АБПнын, 5-батальондун, Жалал-Абад ШИИБдин жана Күзөт кызматынын параддык эсептери катышты.

Аскердик парадды Кайтаруу жана Күзөтүү Департаментинин 5-батальон саркери Курманбек Сокеев башкарса, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев кабыл алды.

Аскердик парад күч түзүмдөрүнүн атайын техникаларынын жана участкалык инспекторлордун жаңы заманбап скутерлердин коштоосунда, аянтка топтолгон элдин көз жоосун алуу, суктандыруу менен өтүштү.

Ошону менен катар майрамдык салтанатты улай шаар аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин параддык жүрүшү менен коштолуп, тургундарга майрамдык маанай тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий