• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эгемендүүлүк мезгилинде Россиядагы мындай масштабдуу жолугушуулар эсибизде жок - саясат таануучу

Коом 0

КР президенти Садыр Жапаровдун Россияга көптөн күттүргөн иш сапары да болду. Көп күттүк, анткени Кыргызстандын жаңы президентинин Россияга болгон алгачкы иш сапары ал боло электе эле ар кандай ушак-айыңдардын алкагына алынган. Иш сапары болду жана ийгиликтүү аяктады. Биз акыркы 30 жыл аралыгында мынчалык жыш күн тартибин көрө элек болчубуз.

Күтүлүп жаткандай протоколго ылайык, барынан мурда биздин президент Россия президенти Владимир Путин менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өнөктөш-өлкөнүн мамлекеттер аралык эң башкы маселелери талкууланды. Бул маселелердин арасында орус тилинин макамы акыркы орунда эмес, ага Россия мамлекетинин башчысы өзгөчө көңүл бурду. Белгилей кетүүчү жагдай, В. Путин жүргүзүлүп жаткан саясат үчүн ыраазычылык айтып, мындан аркы жемиштүү кызматташтык болоруна үмүт артаарын билдирди.

Андан кийин президент С. Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, РФ Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, РФ Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Жолугушууларда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

КР президентинин россиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусуна өзгөчө токтоло кетүү керек. Бул жолугушууга Россиянын базарларынын кеңири тармагын камтыган россиялык 40 ири компания катышты. Эгемен жылдарда Россиянын бизнес өкүлдөрү менен мындай ири масштабдуу жолугушуу эсибизде жок. Жолугушуунун жүрүшүндө президент С. Жапаров Кыргызстандагы келечектүү долбоорлор тууралуу айтып берип, россиялык бизнесмендерди активдүү кызматташууга чакырды.

Иш сапардын алкагында С. Жапаров Россиядагы кыргыз диаспоралар жана Кыргызстандан барган эмгек мигранттары менен жолукту. Жолугушуу учурунда ал мекендештер менен алардын абалын жакшыртуу боюнча өзүнүн пландары жана бул багытта кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берип, аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп берди. Мигранттар эми кыргызстандыктар ID-карт, жалпы жарандык паспорт, андан тышкары, айдоочулук күбөлүктү Россиядан ала тургандыгы тууралуу маалыматты кубануу менен кабыл алышты.

Жалпысынан бул ийгиликтүү жана жемиштүү иш сапар болду деп айтууга болот, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелери каралды. Бул иш сапары эки өлкөнүн кызыкчылыгында мындан аркы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө олуттуу импульс берет деп ишенем.

Ибраев Алмаз

25-февраль 2021-жыл

Пикир

Оставить комментарий