• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгемендүүлүккө 30 жыл. КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 30-31-август күндөрү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны КРнын Маданият министрлиги менен КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду уюштурууда.

Концерттик программада дүйнөлүк музыкалык классиктердин чыгармаларынан тартып, ата мекендик алдыңкы чыгармалар тартууланат.

Аталган концерт шериктештикте маданият аралык диалогду өнүктүрүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык Кызматташтык кеңешинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык Гуманитардык Кызматташтык Фонду тарабынан түзүлгөн. Оркестр Шериктеш жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан, абройлуу шоу жана сынактардын жеңүүчүлөрүнөн турат.

Башталышы:

30- август саат 19:00

31-август саат 17:00.

Пикир

Оставить комментарий