• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 30 жыл: Өлкө боюнча 9 миңден ашык милиция кызматкери ишке тартылат

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. 30-августтан 1-сентябрга чейин ички иштер органдары менен Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери кызматтын күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо учурунда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого 9 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча профилактикалык жана башка иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Республиканын маанилүү объектилеринде, жашоо-тиричилик объектилеринде жана башка жерлерде, анын ичинде чет мамлекеттердин элчиликтеринде, консулдуктарында жана өкүлчүлүктөрүндө коопсуздукту күчөтүү чаралары көрүлдү.

Борбордо жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү региондордо ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча деталдуу иш планын иштеп чыгышкан. Ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине өздүк курамга кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту жана кесиптик этиканы сактоо боюнча тескемелерди өтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий