• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Стамбулда салтанаттуу иш-чара жана сүрөт көргөзмө уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара жана сүрөт көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Стамбул провинциясынын губернаторунун орун басары Өзлем Бозкурт Геврек, Бейоглу мэриясынын башчысы Хайдар Али Йылдыз, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы Фахри Солак, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, Стамбул шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Түркияда жашаган кыргызстандыктар катышты.

Өз сөзүндө Башкы консул Лира Сыдыкова Кыргызстандын өнүгүү жолун жана эгемендүүлүктүн курулушун билдирип, биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган Түркия менен болгон боордоштук мамилени баса белгилеп, катышуучуларга өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин айтты. Түрк элинин атынан куттуктоо сөздөрү менен Ө. Геврек жана Х. Йылдыз сүйлөп, кыргыз элин салтанаттуу майрам менен куттукташып, Стамбул провинциясынын губернатору Али Йерликая жана Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун атынан эң даражалуу каалоо-тилектерди айтышты.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттеринин коштоосунда майрамдык кеч салтанаттуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий