• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Франция жана Грециянын президенттери кыргыз элин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Грециянын резиденти Катерина Сакеларопулоу президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эммануэль Макрондун куттуктоосунда мындай деп айтылат: “31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн урматына арналган улуттук майрамга карата Сизге чын жүрөктөн жана жылуу каалоо-тилектерди айтууга, ошондой эле кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү кааларымды билдирүүгө уруксаат этиңиз.

Мен өткөн жылдын октябрында Глазгодо өткөн тараптардын конференциясы учурунда сиз менен жолугушуканыма кубанычтамын жана биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары да тереңдей берерине ишенем, атап айтканда жакында Парижде сиздердин элчиликтин ачылышынын аркасында”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Катерина Сакеларопулунун кутуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: “Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизге грек элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жылуу куттуктоолорумду жана Кыргызстан элинин мындан аркы гүлдөп-өнүгүшү үчүн эң жакшы каалоолорду айткым келет”.

Пикир

Оставить комментарий