• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы: Анкарада 31-августта Манастын эстелиги ачылат

Маданият 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Түркиянын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августта саат 15:00дө Манастын эстелигин ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан.

Андан тышкары, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү ачылган.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.

Сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 28-августуна чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий