• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы. Индиялык жаштар арасында кыргыз тилинде ыр окуу сынагы уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 23-июлунда КРнын Индиядагы элчилиги жаш лидердер Конфедерациясынын атынан чыккан индиялык жаштардын арасында кыргыз тилинде ыр окуу конкурсун уюштурду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары кыргыз жерине, кыргыз элине болгон сүйүү жана кыргыз табиятынын сулуулугу жөнүндө ырларды окуп, укмуштуудай чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Сынактын калыстар тобу Индияда жашаган кыргыз жарандарынан туруп, сынактын катышуучуларынын кыргыз тилинде ыр окуу жөндөмүн жогору баалашты.

Ошондой эле кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу максатында конокторго Кыргызстан жана анын туристтик дарамети жөнүндө видео көрсөтүлдү.

Индиядагы кыргыз элчиси А. Исаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчилик ар дайым Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон жөндөмдүү, демилгелүү жана таланттуу жаштарды колдоого умтулаарын белгиледи.

Сынактын бардык катышуучулары сертификаттар жана эстеликке белектер менен сыйланышты. Элчиликке бул иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришип, абдан кубанышты.

Жолугушуунун аягында иш-чаранын коноктору салттуу тамактардан - боорсок, палоо жана даамдуу токочтордон ооз тийишти.

Пикир

Оставить комментарий