• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы. Ош шаарында бир катар спорттук мелдештер өтөт

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан бир нече спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алсак;

— 19-августта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында “Футбол жана сууда сүзүү” спорт мектебинде (Дельфин бассейни) сууда сүзүү боюнча иш-чара уюштурулат.

— 21-августта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында волейбол боюнча мелдеш Манас-Ата кичи шаарчасындагы спорт комплексте өтөт.

— 30-31-август күндөрү Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочулар жана коноктор арасында теннис боюнча спорттук иш-чара болот.

— 31-августта болсо Ош шаарынын борбордук аянтында күрөш, аркан тартыш, гир көтөрүү жана кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулуп, Ош шаарындагы эс алуучу парктарда (Т. Сатылганов жана А. Навои) тогуз коргоол, ордо жана шахмат боюнча иш-чаралар өтмөкчү.

Мэриядан кошумчалашкандай, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий