• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирет.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкаранын вице-мэри Сержан Чыггын катышты.

Сүрөт көргөзмөсү 23-28-август күндөрү Зафер чаршысынын Көркөм сүрөт галереясында ачылды.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.

Сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 28-августуна чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий