• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 30-31-август күндөрү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду.

Концерттик программада дүйнөлүк музыкалык классиктердин чыгармаларынан тартып, ата мекендик алдыңкы чыгармалар эл алдына тартууланаары күтүлүүдө.

Аталган концерт шериктештикте маданият аралык диалогду өнүктүрүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык Кызматташтык кеңешинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык Гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан түзүлгөн. Оркестр Шериктеш жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан, абройлуу шоу жана сынактардын жеңүүчүлөрүнөн турат.

Пикир

Оставить комментарий