• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концертинин салтанатту ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, концерт Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Россия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун катышуусунда ачылды.

Концертте дүйнөлүк классикалык чыгармалар менен бирге ата мекендик алдыңкы чыгармалар тартууланып, башкы дирижерлукту Россия Федерациясынын эл артисти Сергей Скрипка алып барды.

Аталган концерт шериктештикте маданият аралык диалогду өнүктүрүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Эске алсак, концерт Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду менен уюштурулган.

Концерт 31-август күнү уланып, баардык жарандар үчүн кирүү акысыз.

Башталышы саат 17:00дө.

Пикир

Оставить комментарий