• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата кандай иш-чаралар өтөт?

Маданият 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана кыргыз элинин баатыры Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы өлкөнүн 7 облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында салтанаттуу белгиленет. Маданий иш-чаралар 25-августта башталат.

“Эгемендүүлүк күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча 7 облустагы өкүлчүлүктөргө жана Бишкек жана Ош мэрияларына тиешелүү тапшырмалар берилген. Негизги иш-чара Чүй облусунда өтүп, кыргыздын баатыры, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чоң салым кошкон Байтик Канай уулунун 200 жылдыгын өткөрүү менен коштолот”, - деди ал.

Негизги иш-чара Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлөт.

Атап айтканда, эгемендүүлүк күнүнө жана КР эл акыны Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгын белгилөө үчүн эл аралык кыргыз-казак айтышы өтөт. 22-августта “Манас” театрында тандоо туру өтүп, сегизден акын тандалып алынды. Финалдык таймаштар 30-31-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт, байге фонду 3 млн сом.

Ал эми КР президентинин көк бөрү боюнча кубогун Нарын облусунда өткөрүү белгиленди. Оюндун тандоо туру бүгүн, 25-августта башталып, финалдык оюндар 30-31-августта өткөрүлөт. Казакстандан 20 команда катышуу ниетин билдирди. Жалпы байге фонду 2 млн сом.

Мындан тышкары, 25-августтан тарта кыргыз улуттук оюндарынын 15 түрү боюнча дагы оюндар башталат.

30-августта Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол сүйүүчүлөрү жана жаштар үчүн Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандан чыккан белгилүү “Город 312” эстрада тобунун жана ата мекендик ырчылардын концерти менен кошмолмокчу.

31-августта эгемендүүлүк күнүнө карата маданий иш-чалар саат 10:00дө Чуңкурчак жайлоосундагы жаңы түзүлгөн этно айылда КРнын желегин көтөрүү менен башталат. Саат 10:30да бардык 7 облустагы өкүлчүлүктөрдүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын чыгармачыл топторунун катышуусунда “Ата-Журтум Кыргызстан” аттуу программасы башталат. Анын алкагында эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына карата маданий салтанат уюштурулду. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан миңге жакын конок чакырылды.

Андан кийин ат чабыш, эр эңиш, аргымак, салбуурун, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, жаа атуу, атчан жаа атуу, кыргыз күрөшү, ордо сыяктуу улуттук оюндар өтүп, байгелер тапшырылат.

Мындан тышкары, “Ынтымак” кароо-сынагы өтөт. Бул кароо-сынак президенттин инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дени сак жашоосу, улуттук нарктуулук, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо, "Манас-Семетей-Сейтек" үчилтигин өнүктүрүү, илимий жактан изилдөө боюнча 4 жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду. Байге фонду 1,5 млн сом.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар Бишкек шаарында чет элдик жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын 2 саатка созулган чоң концерти менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий