• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгемендик жылдарында кылмыштуулук менен күрөшүүдө 170 милиция кызматкери курман болгон

Коом 0


Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Эгемендүүлүк жылдарында, кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болгон. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Президент кылмыш менен күрөшүүдө каза болгон ички иштер орган кызматкерлеринин айрымдарынын атын атап өттү: милициянын полковниги Адилбек Султанов, милициянын капитандары Төлөбек Исмаилов жана Бакай Сыдыгалиев, милициянын улук лейтенанты Муратбек Туйтунов, милициянын старшиналары Улан Сарыбаев, Өмүрбек Жумакадыров жана Замирбек Карабалаев.

"Курман болгон милиция кызматкерлеринин баардыгы – биздин замандын баатырлары, элибиздин азыркы турмушу жана келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришкен каармандар. Алар коомубуздун жана мамлекетибиздин коопсуздугун сактап, темирдей бекем эркти жана нукура эрдикти көрсөтүштү. Жалпы журтубуз жана ушул жерде олтурган кесиптештери, ар бирибиз – алардын кыргыз элине сиңирген эмгегин ыраазылык менен эскерип, жаркын элестерин жүрөгүбүздө сактайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий