• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгер Элдик курултай түзүлсө, анда эл дагы, бийлик өкүлдөрү дагы болушу керек – Кадыр Кошалиев

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргызстанда Элдик курултай түзүү боюнча 3 сунуш бар: мамлекеттик түзүмдөрдөн турган, коомдун өкүлдөрүнөн гана турган жана аралаш. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5-жыйынында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө Элдик курултай түзүүнү сунуштаган. Муну менен катар өлкө башчысы мураскер тууралуу, тагыраак айтканда анын болбостугун жана кыргыз элинин салтын жана маданиятын сактоо маселесине токтолгон.

К.Кошалиев мамлекет башчысынын пикирине кошулат жана анын курултай түзүү варианты үчүнчү типке – аралаш тибине кирет деп эсептейт.

“Башкача айтканда, Элдик курултайда бийликтин өкүлдөрү дагы, эл дагы катышышы керек. Мисалы 700 адам болсо, анын 100-150 адамы бийликтин өкүлдөрүнөн болсо, калган 80%ын элге коюш керек. Дагы эки сунуш бар, бул Элдик курултайдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мамлекеттик түзүмдөрдөн турган же алар таптакыр жок, башкача айтканда эл гана катышкан курултай. Негизинен мен Алмазбек Атамбаевдин сунушун колдойм, бирок институттун натыйжалуу иштеши үчүн элдик жыйындын мүчөлүгүнө талапкерлерге айкын талаптарды иштеп чыгып, тандоо системасын түзүү керек”,-деди ал.

Муну менен катар, Кадыр Кошалиев мамлекет улуттук кызыкчылыктарды колдоого алганда гана өнүгөт деп билдирди.

“Башка маданиятты жана турмуш-тиричиликти тууроо менен өлкө эч качан өнүкпөйт. Кыргызстандын Президенти буга чоң көңүл бурду, эгер маданиятты, салтты жана тарыхты сактоо багытында иштер улантылса, анда биз сөз жок аларды колдойбуз. Шайлоого байланыштуу айта турган болсом, мамлекет башчысы тарабынан мураскер тандоо туура эмес болуп калмак. Алмазбек Атамбаевдин таза шайлоо өткөрүү үчүн шарт түзүп берем деп айтканы кубандырарлык. Бул маселеде бир нерсени белгилеп кетким келет, атап айтканда Шай лоо өткөрүү боюнча борбордук комиссия мамлекеттик түзүмдөрдөн жана саясий партиялардан көз каранды. Мында БШКнын мүчөлөрүн Элдик курултайда тандагыдай кылыш керек”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий