• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов коронавирустун экинчи толкуну жөнүндө: Өкмөт ар кандай жагдайга даяр

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Коронавирустун экинчи толкуну болушу тууралуу ар кандай божомолдор бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, эгер, айрым божомолдор боюнча экинчи толкун дароо эле болушу мүмкүн деп айтылса, ал эми башка божомолдор боюнча экинчи толкун күзүндө болушу мүмкүн.

Боронов баса белгилегендей, эгер өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну боло турган болсо, ага өкмөт толугу менен даяр. "Анткени, бизде бул илдет менен күрөшүүдө тажрыйбабыз бар", деди ал.

“Айта кетсек, жакында Кыргызстанга келип-кеткен польшалык жана кытайлык медицина кызматкерлеринин айтуусунда, биз коронавируска каршы күрөшүүдө колдонуп жаткан алгоритм туура. Алар алгоритмди жактырып, колдошту. Биз коронавирустун экинчи толкунуна даярбыз деп айта алам. Анткени, бизде азыр коронавирус менен күрөшүү боюнча тажрыйба бар. Албетте, бирок биз дагы техникалык жана башка шарттарды жакшыртуубуз зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ду түзөт. Алардын ичинен 437 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий