• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эгер Нью-Йоркто сот «Кумтөр Голд Компанини» банкрот деп тапса, кендин ишин токтотууга туура келет – Кутманова

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кумтөр боюнча эки соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова Facebook соцтармактагы жеке баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, Нью-Йорк соту Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдүн мүлкүнө арест коюу өтүнүчүнөн баш тартты.

Нью-Йорк сотунун 17-августта (сот кийинкиге жылдырылган) өтө турган банкроттук боюнча сотунун чечими күтүлүүдө.

"Centerra Gold Inc. биздин өлкөдө катталган “Кумтөр Голд Компани” компаниясын банкрот болду деп жарылоону каалап жатат. Эгер сот бул маселеде Centerra Gold Inc.тин пайдасына чечим чыгарса, анда Кумтөрдүн ишин токтотууга туура келет. Банкроттук соту бүтмөйүнчө “Кумтөр Голд Компанинин” ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка сот чечимдери күчүнө кирбейт. Мисалы, бүгүнкү күндө 260 млрд сомго санкция киргизүү боюнча соттун чечими токтотулган. Бардык чечимдер токтотулган. Убактылуу тышкы башкаруучу тарабынан бул чечимдердин баары тоңдурулган. Анткени алар эгер банкроттук боюнча соттун чечими Centerra Gold Inc.тин пайдасына чечилсе, анда кенди таптакыр токтотуу керектигин түшүнүшөт”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий