• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгер ПЧР-анализ таза чыкса, ал коронавирус эмеспи? Каратаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Биринчи жолу ПЧР-анализ тапшырганда жыйынтыгы таза чыгышы мүмкүн, себеби алгачкы 5 күндүн ичинде адамдын ден соолугу вирус менен өзү күрөшөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 12-14 күндөн кийин кайрадан кайталап алынган анализде оору бар болуп чыккан учурлар кездешүүдө. "Бул адамдын иммунитетине байланыштуу. Эгер клиникалык белгилер бар болуп, бирок ПЧР анализ терс чыкса, адам санитардык нормаларды сактап, иммунитетин жакшыртышы керек. Ошондуктан биринчи жолку ПЧР анализдин жыйынтыгын 100 пайыз таза деп айтууга болбойт", - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий