• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгерде “Кумтөрдүн” ишин токтотуп, мөңгүлөрдү ушул бойдон калтырсак, катастрофа болот - Дүйшеев

Коом 0

Бишкек, 10.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Эгерде “Кумтөр” кенинин ишин токтотуп, мөңгүлөрдү ушул бойдон калтырсак, анда үч айдан кийин катастрофа болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү маселесин талкуулоо тегерек үстөлүндө Тоо-кен өндүрүүчүлөрү жана геологдор Ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, инженерлердин катачылыктарынын жана кенде алтынды ачык жол менен казууга уруксат берүүнүн натыйжасында мындай жагдай түзүлгөн.

“Окуянын жүрүшүнүн эки варианты бар: кенди иштетүүнү токтотуу керек, анда үч айдан кийин катастрофа болуп, кенди мөңгү басып калат, же авариялуулукка жол бербөө үчүн кенди колдонуу керек”,- деди ал.

Дүйшеев буга чейин келтирилген инженердик катачылыктардан улам мөңгүлөрдүн эришин жана жылышын токтотуу мүмкүн эмес экенин айтты.

“Кенди жоготуп албоо үчүн, биз ар бир жолу кыймылдагы мөңгүлөрдү жылдырып жатабыз. Бул кенде иштегендердин коопсуздугун камсыздоо жана экологиялык катастрофага жол бербөө үчүн жасалууда”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Өзгөртүүлөр Кумтөр кенинде жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө алтын казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүнү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий