• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Египет жана Тайланддан келе албай жаткан кыргызстандыктар алып келинди

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Египет жана Тайланддан келе албай калган кыргызстандыктар мекенине алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-23-мартында Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы менен биргеликте Казакстан тараптын жардамы менен Шарм-Эль-Шейхтен (Египет) 126 жана Бангкоктон (Тайланд) 11 туристти алып келди.

Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко келгенден соң кыргыз жарандары КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосундо атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинди. Азыркы убакта келгендер керектүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн медициналык мекемелерге жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий